Мамлекеттик тилди даңазалаган, нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, улуттук баалуулуктар тематикасында тартылган видеороликтердин сынагы жарыяланат

Мамлекеттик тилди даңазалаган, нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, улуттук баалуулуктар тематикасында тартылган видеороликтерди тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО

  1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына ылайык иштелип чыккан.

  • Бул Жобо мамлекеттик тилди даңазалаган, нарк-насил, каада-салт,

үрп-адат, улуттук баалуулуктар тематикасында тартылган видеороликтерди тандоо тартибин аныктайт.

  • Долбоордун башкы максаты – мамлекеттик тилди пайдалануу, өнүктүрүү даңазалоо жана мамлекеттик тил аркылуу Кыргыз Республикасынын бардык этносторун бириктирүү жана байланыштарын бекемдөө, кыргыз элинин нарк-насилин, каада-салтын, үрп-адатын, улуттук баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү.
  • Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар

саясаты министрлигине караштуу кинематография департаментинин  Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы, мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Киностудия) менчигинин формасына карабастан кинематография уюмдар, жеке тараптар үчүн мамлекеттик тилди даңазалаган, нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, улуттук баалуулуктар тематикасында тартылган видеороликтердин сынагын өткөрүү үчүн сынак жарыялайт.

  • Сынакты Киностудия уюштурат.
  • Сынак ушул Жободо аныкталган максаттарга ылайык өткөрүлөт.
  • Сынакка катышуу үчүн табыштамаларды (даяр видеороликтер менен кошо) берүү мөөнөтү Киностудиянын интернет – сайттарында, фейсбук, инстаграмм баракчаларына сынак жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 45 күн (даяр роликти даярдоого 30 календарлык  күн, жайылтууга 15 календарлык күн) берилет.
  • Жайылтуу үчүн катышуучу тартылган видеороликтерди жеке социалдык баракчаларына жана төмөндө саналуучу:

-Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (https://www.minculture.gov.kg, https://www.facebook.com/minculturegovkg, https://www.instragram.com/madaniyat_gov.kg);

-Кинематография департаментинин (https://goskino.kg, https://www.facebook.com/departementkino, https://www.instagram.com › department_of_cinematog);

-Ч.Айтматов атындагы республикалык кино үйүнүн (http://www.kyrgyzcinema.com, https://m.facebook.com › photo);

-“Т.Океев атындагы “Кыргызфильм улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинин (http://www.kyrgyzfilm.asia ) kyrgyzfilm.kg – инстаграмм жана фейсбук баракчаларына;

-Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын (https://mamtil.gov.kg/ky?fbclid=IwZXh0bgNhZW0CMTEAAR0BZpGaE8DptScsUsV4JrwYlsFfNw4dcKVGkoGIN7px6rA0nr1wVU0p7fY_aem_pclHutFHZYJzF25X6lZ91A&sfnsn=wa, https://www.facebook.com/mamtil.gov.kg?mibextid=ZbWKwL, https://www.instagram.com/mamtil.gov.kg?igsh=MXZ1b2s5Mmg2ZzI0OQ==, https://youtube.com/@user-iq4zh9uw4d?si=fkgSHNhRmb3MD4Dq  социалдык баракчаларына жайгаштырып, белгилөөсү зарыл;

  • Тартылган продукцияларды тандоо төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт:

– жарыяланган тематикага жана негизги багыттарга видеороликтин мазмунунун дал келиши;

– видеороликте КРде жашаган этностордун тилин, нарк-насилин, каада-салтын, үрп-адатын, улуттук баалуулуктарын басмырлабоо жана кемсинтпөө;

– мамлекеттик тилдин макамдык өзгөчөлүгүн көрсөтүү;

– мамлекеттик тилде сүйлөөгө жана аны сүйүүгө багыттоо;

– аудиовизуалдык роликтин хронометражы 3-8 мүнөттөргө чейин болуусу шарт.

10. Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо чечими Киностудиянын  алдында түзүлгөн  атайын сынактык комиссия  (мындан ары – Комиссия) тарабынан социалдык тармактардагы (https://www.yotube.com, https://www.facebook.com, https://www.instragram.com ж.б.) көрүүлөрдүн саны (количесто просмотров), жактыруулардын саны (Like), пикир жана бөлүшүүлөрдү эске алуу менен кабыл алынат. Социалдык тармактагы колдоо көрсөткүчтөрүнүн санына видеороликтин сапаттык мазмуну дал келбей калган учурда Комиссиянын добушу артыкчылыкка ээ болот. Комиссиянын курамы Киностудиянын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет.

11. Видеороликтерди тартууда:

 Катышуучулардын жаш курагына чектөөлөр жок;

– Техникалык форматка чектөө коюлбайт;

– Аудиовизуалдык роликтерди  атайын жарнама аркылуу жайылтуу ыкмасына тыюу салынат;

– Аудиовизуалдык лицензияларды жана автордук укуктардын шарттарын сактоо талап кылынат.

12. Тигил же бул кинодолбоорго кызыктыруучу сыйлык түрүндө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн максатка ылайыктуулугу протоколдо белгиленет.

13. Комиссиянын сунуш берүүчү мүнөздөгү жыйынтыктоочу протоколуна ылайык Киностудия жеңүүчүлөрдүн тизмесин түзөт.

14. Жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат: 1 – орун – диплом жана 700 (жети жүз) миң сом; 2 – орун – диплом жана 500 (беш жүз) миң сом; 3 – орун – диплом жана 300 (үч жүз) миң сом (көрсөтүлгөн суммадан тиешелүү салыктар кармалат).

15. Сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымат Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын сайты жана социалдык баракчаларына жайгаштырылат.

Leave a Comment

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген