Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясынын жаңы веб-сайты ишке кирди.

Жаңы веб-сайтта киностудия тууралуу түрдүү маалыматтар камтылган. «Кыргызфильм» киностудиясынын жаралуу тарыхы, андан кийинки өнүгүүсү тууралуу маалыматтардан баштап, тартылган тасмалар, кинорежиссерлор тууралуу маалыматтарды, акыркы кездеги тасмалар жана алардын ийгиликтери, алган сыйлыктары, жетишкендиктери, айтор, кино тармагына тиешелүү бардык маалыматтарды биздин сайттан табасыздар.

Киностудиянын тарыхында жалпы канча көркөм, даректүү жана кыскаметраждуу фильмдер,  ошондой эле анимациялык тасмалар тартылганы тууралуу да инфографикадан билсе болот.

Мындан тышкары, киностудиянын учурдагы администрациясы менен таанышып, көрсөтүлүүчү кызматтар бөлүмүнө кирип керектүү маалыматты жана кызмат көрсөтүүнү алууга болот.

Көрөрмандар тартылган тасмалар тууралуу толук маалыматтарды ала алышат. Кино сын, макала же болбосо жөн гана кино тууралуу маалымат жазып, веб-сайтка жарыялай алат. Мындай кызматташуу үчүн «Кыргызфильм» киностудиясы ар дайым даяр. 

Ошондой эле «Кыргызфильмде» болуп жаткан жаңылыктар тууралуу окуп, бөлүшүп, талкууласаңыздар болот. 

«Кыргызфильм» киностудиясынын веб-сайтына кош келиңиздер!