«Кыргызфильм» – учурда активдүү кино өндүрүшүн жүргүзгөн, жаңы технологиялар менен жабдылган, профессионалдуу адистер иш алып барган, кино тартууда толук циклдик ишти аткарган заманбап киностудия.
«Кыргызфильм» киностудиясы бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү техникалык жактан толук жабдылган эң ири өндүрүштүк базасы бар бирден-бир киностудия болуп саналат жана кино жаратууда — адабий сценарийди жазуудан тартып, кинонун финалдык даяр нускаларын басып чыгарууга зарыл болгон нерселердин бардыгына ээ.
Учурда павильон, кино тартуу жабдыктары, актёрлордун картотекасы жана уникалдуу маалыматтык материалдардын архивдери, пиротехника, курал-жарактар, грим жана постиж, костюмдардын коллекциялары, пост-продакшнда заманбап үн жаздыруучу студия жана монтаждоо бөлмөлөрү активдүү иштеп, кайра жаздыруу жана тасманы санарипке өткөрүү иштери аткарылууда.
Биздин киностудия кино жана видеопродукцияларды чыгарат, ошондой эле кино өндүрүшүнүн бүткүл циклинде кызмат көрсөтөт. Дүйнөлүк кино рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү аудиовизуалдык продукциянын бардык түрлөрүн жаратууга мүмкүндүк берген бирдиктүү уникалдуу жана күчтүү структураны түзгөн бир – тутум.
«Кыргызфильм» киностудиясында Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да абройлуу кинофестивалдарга катышкан ата мекендик тасмалар тартылат.
Кыргыз режиссерлору киностудиянын базасында тарткан тасмалар дүйнөнүн булуң-бурчундагы кинофестивалдардан жеңишке жетишип, сыйлыктарга татып, белгилүү киносынчылардын сынынан өтүп, татыктуу баа алып жаткандыгы – «Кыргызфильм» дүйнөлүк конкуренцияга туруштук бере ала турган, эл аралык кинодүйнөсүндө өз орду бар, тарыхы терең, профессионалдык жогорку деңгээлдеги заманбап киностудия экендигин тастыктап турат.
Азыркы күндө киностудияда жылына ондогон даректүү тасмалар, толукметраждуу көркөм фильмдер, дебюттук кыскаметраждуу фильмдер жана анимациялык тасмалар тартылат.
жылдык тарых
даректүү тасма
толук метраждуу көркөм фильм
мультфильм
Төлөмүш Океев1935-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу чакан айылда (азыркы Тоң районундагы Бөкөнбаев кыштагынын аймагында) туулган.
1958-жылы Ленинграддагы кино жана көркөм өнөр институтунун (ЛИКИ) электр техникасы факультетинде үн оператор бөлүмүн аяктаган.
Кыргызфильм киностудиясында үн оператор болуп эмгек жолун баштаган.
1966-жылы жогорку режиссердук курсту аяктаган.
“Жылкылар” аттуу даректүү тасмасы режиссёрдун биринчи тасмасы.
Анын “Бакайдын жайыты” тасмасы дүйнөлүк белгилүү киножурналдар 100 мыкты кинонун катарына киргизишкен. Дээрлик бардык тасмаларында кыргыз руху даңкталып, кыргыз жыттанып турган. Анын тасмаларында жөнөкөйлүк жана реалдуулук басымдуулук кылат.
Бир катар көркөм тасмалары үчүн аны ХХ кылымдагы кыргыз кино өнөрүнүн туу чокусун түзгөн чыгаан кинорежиссерлордун төл башы катары баалашкан.
1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.
1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган.
1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп, кийинчерээк Түрксойдо кыргыз өкүлү болуп иштеген.
Сыйлыктары
1967 ж. Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгынын ээси
1968 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Специальный приз за дебют» сыйлыгын жеңүүчүсү.
1972 ж. Кыргызстан Мамлекеттик сыйлыгынын ээси.
1974 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Первые премии за художественные фильмы» сыйлыгынын жеңүүчүсү.
1975 ж. СССРдин эл артисти.
1978 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Приз за режиссуру» сыйлыгынын жеңүүчүсү.
1979 ж. Польша мамлекетинин маданиятынын эмгек сиңирген ишмери.
1981 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Премии кинофестиваля» сыйлыгынын жеңүүчүсү.
1985 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Главные премии» сыйлыгын жеңүүчүсү.
1985 ж. Берлин кинофестивалынын «Приз за художественный вклад» жана «Серебряный медведь» сыйлыктарынын жеңүүчүсү.
1985 ж. СССРдин Эл артисти.
1997 ж. Казакстан мамлекетинин маданиятынын эмгек сиңирген ишмери.
Тандалган фильмографиясы
1986 Махабат дастаны
1984 Кожожаш
1980 Алтын күз
1977 Улан
1975 Кызыл алма
1973 Көк серек
1971 Уркуя
1966 Бакайдын жайыты
Китептери:
«Крылатое искусство» (1967, Фрунзе: «Кыргызстан»).
Биздин өнөктөштөр
Биз жөнүндө
Кыргызфильм киностудиясы жөнүндө эмне дешет
Дареги
Динара Асанова көчөсү 1, Бишкек, Кыргыз Республикасы
Байланыш
Телефон: +996 312 344569
Факс: +996 312 344631