Т.ОКЕЕВ АТЫНДАГЫ "КЫРГЫЗФИЛЬМ" УЛУТТУК КИНОСТУДИЯСЫ

КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИН УЛАЙ…

Биз жөнүндө

«Кыргызфильм» – учурда активдүү кино өндүрүшүн жүргүзгөн, жаңы технологиялар менен жабдылган, профессионалдуу адистер иш алып барган, кино тартууда толук циклдик ишти аткарган заманбап киностудия.

«Кыргызфильм» киностудиясы бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү техникалык жактан толук жабдылган эң ири өндүрүштүк базасы бар бирден-бир киностудия болуп саналат жана кино жаратууда — адабий сценарийди жазуудан тартып, кинонун финалдык даяр нускаларын басып чыгарууга зарыл болгон нерселердин бардыгына ээ.

Учурда павильон, кино тартуу жабдыктары, актёрлордун картотекасы жана уникалдуу маалыматтык материалдардын архивдери, пиротехника, курал-жарактар, грим жана постиж, костюмдардын коллекциялары, пост-продакшнда заманбап үн жаздыруучу студия жана монтаждоо бөлмөлөрү активдүү иштеп, кайра жаздыруу жана тасманы санарипке өткөрүү иштери аткарылууда.  

БАКАЙДЫН ЖАЙЫТЫ

9.5

Play Video
Play Video

АК КЕМЕ

9.7

САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

9.4

Play Video

КУРМАНЖАН ДАТКА

9.5

Play Video
Play Video

КƟЧ

9.7

АСМАН АЛДЫНДА

9.4

Play Video

Биздин тарых

1941-жылы Фрунзе шаарында кинохроника студиясын уюштуруу боюнча Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Совети тарабынан токтом кабыл алынып, ошол эле жылдын 17-ноябрында Фрунзе кинохроникалык студиясы негизделген.

0

жылдык тарых

0 +

даректүү тасма

0 +

Толукметраждуу көркөм фильм

0 +

анимациялык тасма

Сыйлык

Биздин сыйлык

"Атанын керээзи" тасмасы үчүн Монреаль (Канада) Эл аралык Кинофестивалынын башкы сыйлыгы - Гран при "Алтын зенит" эң мыкты дебют үчүн сыйлыгы

2016

"Бешкемпир" тасмасы үчүн Локарнадагы (Швейцария) Эл аралык кинофестивалынын Күмүш кабылан сыйлыгы

1998

"Шамбала" тасмасы үчүн КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн эң мыкты тасмасы (Россия) "Ника" сыйлыгы

2021

Көрсөтүлүүчү кызматтар

Сизге керектүү кызматтарды издеңиз

Экрандагы сүрөт менен иштөө

Тасманын түсүн жана боекторун оңдоо, пленка менен иштөө, реставрация, визуалдык эффектер жана компьютердик графика, мастеринг санариптештирүү.

Үн жаздыруу

Үн менен экрандагы сүрөттү топтоо, үн жана добуштарды жаздыруу, үндү кайра жаздыруу, үндү топтоо, обон жана музыканы тасмага айкалаштырып топтоо.

Кастюм жана реквизит

Эркек жана аялдардын тарыхий кастюмдары, аскердик кастюм, скульптура жана ар кандай реквизиттер.

Тасма тартуу үчүн павильондор

Павильон, натуралык аянтча, курулуш декорациясы, актердук атайын комплекстер. Съемочные павильоны Павильоны, натурные площадки, строительство декораций, актерские комплексы.

Жабдуулар

Санарип кино тартуучу камералар, оптика, жарык берүүчү техникалар жана кошумча кинотартууга керектүү техникалардын бардык түрү.

Тасмаларга көрсөтүү укугун алуу

«Кыргызфильм» киностудиясы өндүргөн тасмаларга атайын көрсөтүү үчүн укук алуу, телеканалдар жана интернетте колдонуу үчүн келишим түзүү.

Башка кызматтар

Кинотартуучу топту уюштуруу, даярдоо, кинодо иштөөчү техникалык адистерди түзүү жана уюштуруу.

Маалыматтык жардам

Тарыхий тасмалардын архиви жана көркөм, даректүү, хроникалык тасмалар тууралуу маалымат берүү.

Биздин команда

Администрация
Редакция
Өндүрүш
Тартуу тех.бөлүмү

Кыргыз керемети

Тарыхтан көз ирмем

WhatsApp Image 2024-01-26 at 11.43.53 (1)
WhatsApp Image 2024-01-26 at 11.43.53
WhatsApp Image 2024-01-26 at 11.43.54
WhatsApp Image 2024-01-26 at 11.43.58
WhatsApp Image 2024-01-26 at 11.44.07 (1)
WhatsApp Image 2024-01-26 at 11.43.55

Биз жөнүндө

Кыргызфильм киностудиясы жөнүндө эмне дешет

Мен “Кыргызфильмдин” босогосун 1960-жылы он сегиз жашымда аттагам. Киностудиядан мен өзүмдүн сүйгөн кесибимди аркаладым. Киностудияда күткөн досторум менен кыйынчылыктарды, жеништерди бирге көрдүк. Айтор, бул жер менин ыгармачылыгыма жол ачып берди. Кесиптештерим менен агардым, көгөрдүм. Азыр жаш, талантту жаштар келип жатышат. Иштеринде ийгилик болсун! Кыргызфильм өнүгө берсин!
Манас Мусаев
кинооператор
Бүткүл Советтер Союзуна атагы чыккан «Кыргызфильм» киностудиясы бир кезде материалдык-техникалык жактан абдан өксүгөн. Бирок ошондо деле жогорку деңгээлдеги көркөм фильмдер тартылып, абройлуу кинофестивалдарда көптөгөн эл аралык сыйлыктарды алышкан. Менин оюмча, бул ийгиликке азыр эски студиянын аймагында, «Айтыш фильм» имаратынын артында жайгашкан атактуу «кайың аллеясы» да чоң салым кошту окшойт. Анткени, ошол, бир нече кайыңдын жана үч кичинекей, жөнөкөй отургучтан турган чакан аллея кыргыз кино ишмерлери үчүн кандайдыр бир «көркөм кеңеш», студиянын аналитикалык борбору сыяктуу эле. Ошол жерде чогулуп алып бүтө элек тасмаларды талкуулап, дүйнөлүк кино жана адабият тармагындагы ой-пикирлерин, жаңылыктары менен бөлүшөр элек. Аргументтер жогорку деңгээлге жетип, мен жана башка көптөгөн жаш кинорежиссерлор үчүн бул жер ВГИКке киргенге чейинки чоң кино мектеп болуп калды. Менимче, бул “кайың аллеясы” кандайдыр бир деңгээлде кыргыз киносунун “жашоосун” улантып, анын оригиналдуу жана кызыктуу бойдон калышына, дүйнөлүк кинематографиянын процессинде өз ордун сактап калууга салым кошкон.
Артыкпай Сүйүндуков
кинорежиссёр
“Кыргызфильм” – мага кинематографиянын табиятын түшүндүргөн ыйык мекен. Алгач режиссёрдун жардамчысы, сценарист, режиссер болуп иштеп жүрүп, чыгармачылыктын маңызын үйрөндүм. Ошентип, киностудия мен үчүн Кино академияга айланды. Ал эми “Кыргыз кереметинин” корифейлери Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаровдор жол көрсөтүүчү жылдыз болушту. “Кыргызфильмде” “Бежала собака” даректүү тасмам менен дебютум болду. Ал эми эгемен Кыргызстандын кинематографиясы үчүн оор жылдарда Франция өлкөсү менен биргеликте киностудияда атактуу «Бешкемпир» аттуу тасмамды тартып, кыргыз киносунун даңктуу салтанатын арттырып, салтты уладым. Жакында эле ушул киностудияда тарткан “Эсимде” тасмамдын каарманына окшоп, кайда жүрсөм да, эмнени ойлонсом да “Кыргызфильмге” кайтып келе берем. Бул жер – менин ойлорумдун тунган жайы, киномдун очогу.
Актан Арым Кубат
кинорежиссер
“Кыргызфильм” - аты айтып тургандай эле, кыргыздын жүзүн дүйнөгө таанытуу кызматын биринчилерден болуп аркалап келген жана аркалоочу бирден-бир чыгармачыл ишкана.
Садык Шер-Нияз
кинорежиссер

Биздин өнөктөштөр

Жаңылыктардан артта калбаңыз

Жаңылыктар

    •   Back
Дареги

Динара Асанова көчөсү 1, Бишкек, Кыргыз Республикасы

Байланыш

Телефон: +996 312 344569
Факс: +996 312 344631

Email