Салам достор!
🔥🎬 Кыргызфильм киностудиясы видеорликтердин конкурсун жарыялады! Бардыгыңыздар катышсаңыздар болот! Башкы байге 700 000 миң сом! Экинчи орунга 500 000 миң сом! Үчүнчү орунга 300 000 миң сом!
👉Сынактын шарты жөнөкөй эле!
🇰🇬🇰🇬🇰🇬 Кыргыз тилин сүйүүгө үндөгөн, кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырган, кыргыз элинин үрп-адат, салтын чагылдырган кыска видеоролик тартышыңыз керек!
🎥Видеороликти кандай тартасыз өзүңүз билесиз.
✅Башкысы креативдүү, кызыктуу жана сапаттуу болушу керек!
⏱️Видеороликтердин узактыгы 3 мүнөттөн 8 мүнөткө чейин болуусу шарт.
👉Сиздер тарткан роликтер Маданият министрлигинин, Кинематография департаментинин, Кыргызфильм киностудиясынын жана Мамлекеттик тил комиссиясынын социалдык баракчаларына, ютуб каналдарына чыгарылат.
🔥Кайсы ролик көп талкууга алынып, лайк чогултуп, көрөрмандарды кызыктыра ала турган болсо, ошол ролик жеңүүчү аталат!
🤲🏻Андыктан шашылыңыз, сынактын убактысы чектелүү!
✊🇰🇬Кыргыз тилин өнүктүрүүгө өз салымыңызды кошуп, акчалай байгеге ээ болуңуз!

Leave a Comment

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген