Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата жазуучунун чыгармаларынынын негизинде жазылган толук метраждуу көркөм тасмалардын сценарийлерине сынак жарыялайбыз!

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кыргыз эл жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арнап, жазуучунун чыгармаларынынын негизинде жазылган толук метраждуу көркөм тасмалардын мыкты сценарийлерине сынак жарыялайт.

Толук метраждуу көркөм тасмалар үчүн сценарийлердин сынагы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2030-жылга чейинки  Кыргыз Республикасынын маданиятын, искусствосун, спортун жана жаштар саясатын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2024-2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын” алкагында, мамлекеттик буюртма боюнча тарыхый көркөм тасмаларды тартуу планынын негизинде өтөт.

Сынактын жүрүшү жана талаптары:

  • Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат;
  • Сынакка Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган сценарийлер гана кабыл алынат;
  • Кабыл алынган сценарийлер киностудиянын көркөм кеңешинин кароосунда питчинг форматында каралып, тандалат;
  • Бир чыгарманын негизинде жазылып, о.э. экинчи авторлор менен биргелешип иштелген, түп нускада авторлордун колдору коюлуп, темасы жана форматы талаптарга дал келген чыгармалар (хрон.90 мүн.) кабыл алынат.
  • Киностудия сынакка катышкан ар бир сценарийдин сынактан өтүшүнө, өндүрүлүшүнө кепилдик бербейт;
  • Комиссия (көркөм кеңеш) сценарийлердин авторлору менен кат алышпайт жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт;
  • Сынакта конституцияга карама-каршы көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, мүлктүк, уруулук каршылыкты жана сексуалдык зордук-зомбулукту жактап, үгүттөө сыяктуу көрүнүштөргө ээ чыгармалар автоматтык түрдө четтетилет.

Бардык сценарийлер:

  • эл аралык (америкалык) форматта жазылып:  
  • сунуштама (заявка);
  • логлайн;
  • синопсис тиркелет жана
  • түп нускага автордун (авторлоштун) аты-жөнү жазылып, колу коюлат;
  • байланыш телефону/электрондук почтасы жазылат.

Сценарийлер басылган (печатн.) жана эл.вариант түрүндө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Д.Асанова көчөсү-1,

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы (2-кабат, редакция).

kyrgyzfilmredakcia@gmail.com,

Сурап-билүү: 0501503103

Кабыл алуу 2024-жылдын 11-октябрында башталып, 2024-жылдын 15-ноябрында, саат 17.00дө токтойт.

Эскертүү: Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген чыгармалар кабыл алынбайт.

Leave a Comment

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген