Кыргыз эл жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арнап,  жазуучунун чыгармаларынын негизинде жазылган толук метраждуу көркөм тасмалардын мыкты сценарийи үчүн сынак өткөрүүнүн ЖОБОСУ

Сынак, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “2030-жылга чейинки  Кыргыз Республикасынын маданиятын, искусствосун, спортун жана жаштар саясатын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2024-2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын” алкагында, мамлекеттик буюртма боюнча тарыхый көркөм тасмаларды тартуу планынын негизинде өтөт.

  1. Сынактын максаттары жана милдеттери:
  2. Кыргыз эл жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын утурлай кыргыз адабиятынын жүзү болгон жазуучунун чыгармаларын даңазалоо жана сактоо.
  3. Өсүп келе жаткан жаңы муундардын кыргыз адабиятына болгон кызыгуусун арттыруу жана билим-деңгээлин кеңейтүү; улуттук сыймыктанууну, мекенчилдик жана жигердүү атуулдук сезимин курчутуу.
  4. Ч.Айтматовдун чыгармаларына таянуу менен жаш муундун өз алдынча инсандык өнүгүүсү жана улуттук аң-сезиминин калыптандыруусуна көмөктөшүү; жаратылышка жана туулган жерге аяр мамиле жасоого үгүттөө, жоопкерчиликти арттыруу.
  5. Конкурстун жалпы тартиби:
  6. Кыргыз эл жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөөнүн алдында өткөрүлүп жаткан сынактын кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 11-октябрындан 15-ноябрга чейин;
  7. Сынакка катышууга киносценаристтер жана драматургдар чакырылат;
  8. Сынакка оригиналдуу сценарий чыгармалары Times New Roman 14-шр. менен “америк” форматта (хрон. 90 мүн.) жана  кыргыз тилинде сунушталат;
  9. Автор сынакка бир эле чыгарманы сунуштай алат;
  10. Сынакка Ч.Айтматовдун чыгармаларындан экранга адаптацияланган сценарийлер гана кабыл алынат;
  11. Чыгармада ичимдик ичүү, тамеки тартуу, улуттар аралык ыркты бузуу жана кемсинтүү сыяктуу эпизоддор болбошу керек.

    “Кыргызфильм” редакциясы:

а) сынакка катышуу үчүн толтурулган билдирме басма түрүндө (2 нускада)

б) синопсис жана сценарий басма түрүндө (2 нускада)

в) автордун резюмеси жана фильмографиясы басма түрүндө (2 нускада)

в)  чыгарманын электрондук версиясын (kyrgyzfilmredakcia@gmail.com)  кабыл алат.

Сценардык билдирме төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Автордун аты-жөнү
  • Автордун эл.дареги жана байланыш номуру
  • Сценарийдин жумушчу аталышы
  • Жанр
  • Хронометраж
  • Аудиториясы
  • Логлайн
  • Синопсис

Электрондук файлдын аталышында автордун аты-жөнү жана чыгарманын аталышы көрсөтүүлүгө тийиш, мисалы: “автордун аты-жөнү, сценарийдин аты”, “автордун аты-жөнү, сценарийдин аты, синопсиси”.

Чыгарма бир гана электрондук дарекке жөнөтүү менен кабыл алынбайт. Сценарийлер 2024-жылдын 11-октябрынан 15-ноябрына чейин гана кабыл алынат.

Leave a Comment

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген