Сынак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндегм №241 токтому менен бекитилген Кинематография департаментинин жобосуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-январындагы №22 токтому менен бекитилген Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын жобосуна ылайык Советтер Союузунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу толук метраждуу көркөм тасма тартуу боюнча тапшырманы аткаруу максатында уюштурулат жана киностудиянын мамлекеттик буюртма боюнча тарыхый көркөм тасмаларды тартуу планынын негизинде өтөт.
1. Сынактын максаттары жана милдеттери:
1.1. Советтер Союузунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин каармандыгы тууралуу коомдогу маалымдуулукту арттыруу.
1.2. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай согушка катышкан кыргыз жоокерлеринин жана Советтер Союзунун Баатырларынын каармандыктарын даңазалоо, тарыхый эс-тутумду сактоо.
1.3. Өсүп келе жаткан жаңы муундардын кыргыз тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу жана билим-деңгээлин кеңейтүү; улуттук сыймыктанууну, мекенчилдик жана жигердүү атуулдук сезимин курчутуу.
1.4. Ч.Түлөбердиевдин каармандык баянына таянуу менен жаш муундун өз алдынча инсандык өнүгүүсү жана улуттук аң-сезиминин калыптандыруусуна көмөктөшүү; туулган жерге аяр мамиле жасоого үгүттөө, жоопкерчиликти арттыруу.
2. Конкурстун жалпы тартиби:
2.1. Сынакка Кыргыз Республикасынын жараны болгон киносценаристтер жана драматургдар катыша алат;
2.2. Автор сынакка бир эле чыгарманы сунуштай алат;
2.3. Сынакка Ч.Түлөбердиевдин өмүр-таржымалы жана каармандыгы жөнүндө жазылган сценарийлер гана кабыл алынат;
2.4. Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, мүлктүк, уруулук каршылыкты жана сексуалдык зордук-зомбулукту жактап, үгүттөө сыяктуу көрүнүштөрдү камтыган сценарийлер сынактан автоматтык түрдө четтетилет.
2.5. Сынак жарыяланган күндөн тартып, сценарий жазууга 40 календарлык күн берилет; Сынактын мөөнөтү 2025-жылдын 1-январынан баштап 10-февралына чейин.
2.6. Бардык сценарийлер төмөнкү талаптар менен кабыл алынат;
- Сценарий “американка” форматта классикалык сценарий шрифти: Courier New менен жазылат. Шрифтин өлчөмү: 12 кегель; Тегиздөө: сол тараптан.
- Сценарийдин титулдук барагы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Сценарийдин жумушчу аталышы,
- Автор/авторлоштордун толук аты-жөнү жана байланыш номерлери, эл.дареги.
- Толук жазылган сунуштама (заявкасы):
- Автордун аты-жөнү
- Автордун эл.дареги жана байланыш номуру
- Сценарийдин жумушчу аталышы
- Жанры
- Хронометраж
- Аудиториясы
- Логлайн
- Синопсис
- Автор/авторлош жөнүндө толук маалымат, (автобиография, фильмография, кинематографиядагы ийгиликтерин атап кетүү. )
- Түп нускага автордун (авторлоштун) аты-жөнү жазылып, колу коюлат; Байланыш телефондору/электрондук дареги жазылат.
- Электрондук файлдын аталышында автордун аты-жөнү жана чыгарманын аталышы көрсөтүүлүгө тийиш, мисалы: “автордун аты-жөнү, сценарийдин аты”, “автордун аты-жөнү, сценарийдин аты, синопсиси”.
- Чыгарманы бир гана электрондук дарекке жөнөтүү менен кабыл алынбайт.
Сценарийлердин басылган (печатн.) жана электрондук варианты төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
- Бишкек шаары, Д.Асанова көчөсү-1, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы (2-кабат, редакция).
- kyrgyzfilmredakcia@gmail.com.