- 2024-жылдын 09-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине карштуу Кинематография департаменти, Түркия мамлекетинин Маданият жана туризм министрлигинин кинематография башкармалыгы жана Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлигине караштуу Кинематография агенттигинин (мындан ары Тараптар) ортосундагы биргелешип тасма тартуу жөнүндө коюлган Меморандум (ко-продукция багытында) жана Биргелешип тасма тартуу жөнүндө Кинематография департаментинин 2024-жылдын 20-ноябрдагы №147-Буйругун аткаруу максатында өтөт.
- Бул Жобо, Түркия , Өзбекстан жана Кыргыз Республикалардын ортосунда биргелешип тартылган кино өндүрүшүн түзүүнү аныктайт, ошондой эле кинематография тармагында натыйжалуу кызматташуу үчүн шарттарды түзөт.
- Долбоордун негизги максаттары: Маданий алмашууну өнүктүрүү, кино өндүрүшүнө өз ара инвестицияларды стимулдаштыруу, продукциянын сапатын жогорулатуу жана эл аралык сатуу рынокторун кеңейтүү.
- Сынакты, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы, Кыргызстандын атынан 2024-жылы Олимпиадага Бокс багыты боюнча жолдомо алган Кыргызстандык жалгыз мушкер, эң жеңил салмак категориясы боюнча Олимпиада оюндарында күмүш байгесинин ээси – Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши тууралуу хронометражы 90 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасмасына ылайыкталган СИНОПСИС үчүн сынак жарыялайт.
- Сынак ушул Жободо аныкталган талаптарга ылайык өткөрүлөт.
- Сынактын жүрүшү жана талаптар:
- 6.1. Сынактык комиссия, Тараптардын өкүлдөрүнөн түзүлөт:
- Өзбекстан Республикасынын 2 өкүл (макулдашуу менен);
- Түркия мамлекетинен 1 өкүл (макулдашуу менен);
- Кыргыз Республикасынын 2 өкүл (макулдашуу менен);
- 6.2. Сынакка Тараптар арасындагы жарандар катыша алат;
- 6.3. Комиссиянын ишин жеңилдетүү үчүн, фильмдин синопсиси үч тилде берилүүсү зарыл. Бул Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү үчүн фильмдин мазмунун, өзүнүн мамалекеттик тилинен көз карандысыз түшүнүүгө жеңилдик жаратып, баалоо процесстин жакшыртылышын камсыздайт: Кыргыз Республикасы (кыргызча, орусча жана англисче); Өзбекстан Республикасы (өзбекче, орусча жана англисче); Түркия Республикасы (түркчө, орусча жана англисче).
- 6.4. Сынакка,ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн, мазмунга ылайыктуу синопсистер гана кабыл алынат;
- 6.5. Кабыл алынган синопсистер Тараптар арасында түзүлгөн Эл аралык Комиссиянын кароосунда питчинг форматында каралып, тандалат жана аныкталат.
- 6.6. Эл аралык Комиссия Синопсистердин авторлору менен , сынак мөөнөтүндө, кароо, тандоо, аныктоо учурунда кат алышпайт жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт;
- 6.7. Сынакта Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, мүлктүк, уруулук каршылыкты жана сексуалдык зордук-зомбулукту жактап, үгүттөө сыяктуу көрүнүштөрдү камтыган синопсистер автоматтык түрдө четтетилет.
- 6.8. Сынак жарыяланган күндөн тартып, Синопсис жазууга 45 календарлык күн берилет;
- 6.9. Бардык синопсистер төмөнкү талаптар менен кабыл алынат;
- Классикалык сценарий шрифти: Courier New. Шрифтин өлчөмү: 12 форматта жазылат;
- Сунуштама (заявкасы);
- Синопсис;
- Автор жөнүндө толук маалымат, (автобиография, фильмография, Кинематографиядагы ийгиликтерин атап кетүү. )
- Түп нускага автордун (авторлоштун) аты-жөнү жазылып, колу коюлат;
- Байланыш телефондору/электрондук почтасы жазылат..
- 6.10. Синопсистердин басылган (печатн.) жана электрондук варианты төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
- Бишкек шаары, Д.Асанова көчөсү-1, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы (2-кабат, редакция).kyrgyzfilmredakcia@gmail.com. Сурап-билүү: +996 501503103
- Өзбекстан Республикасы, Ташкент шаары, Өзбекстан Кинематография агенттиги, 100115, Чиланзар районунун, Чилинзарская көчөсү 1А, devonxona@uzbkino.uz, телефон: 71 277 81 02, 71-277-81-44.
- Кабыл алуу мөөнөтү, 2024-жылдын 16-декабрда башталып, 2025-жылдын 30-январга чейин, саат 17:00до токтойт.
- Сынактын жыйынтыгы боюнча, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстан өлкөлөрү ортосундагы аралыкты, убакытты жана каржылык каражаттарды натыйжалуу колдонуу жолун эске алуу менен Тараптар арасында түзүлгөн Комиссиянын отуруму онлайн форматта өткөрүлөт.