Кыргызфильм “БИР ТУУГАНДЫК ЖЕҢИШ” жумушчу аталыштагы толук метраждуу көркөм тасмасынын синопсиси  үчүн сынак жарыялайт!

Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы,  Кыргызстандын атынан 2024-жылы Олимпиадага бокс багыты боюнча жолдомо алган кыргызстандык  жалгыз мушкер,  эң жеңил салмак категориясы боюнча Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси – Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши тууралуу  хронометражы 90 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасмасынын СИНОПСИСи  үчүн сынак жарыялайт.

Тасма, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын биргелешип тарта турган алгачкы кинодолбоор. Мындан улам СИНОПСИС сынагынын жеңүүчүсү үч тараптын өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен аныкталат.

Сынак жарыяланган күндөн баштап, синопсис жазууга 45 күн берилет (2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 30-январына чейин).

Бардык синопсистер төмөнкү талаптар менен кабыл алынат;

  • Классикалык сценарий шрифти: Courier New. Шрифтин өлчөмү: 12 форматта жазылат;
  • Сунуштама (заявкасы);
  • Синопсис;
  • Автор жөнүндө толук маалымат, (автобиография, фильмография, Кинематографиядагы ийгиликтерин атап кетүү. )
  • Түп нускага автордун (авторлоштун) аты-жөнү жазылып, колу (авторлоштун колу дагы милдеттүү түрдө) коюлат;
  • Байланыш телефондору/электрондук почтасы жазылат.

Синопсистердин басылган (печатн.) жана электрондук варианты төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

  • Бишкек шаары, Д.Асанова көчөсү-1, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы (2-кабат, редакция) kyrgyzfilmredakcia@gmail.com., +996 501503103.
  • Өзбекстан Республикасы, Ташкент шаары, Өзбекстан Кинематография агенттиги, 100115, Чиланзар районунун, Чилинзарская көчөсү 1А, devonxona@uzbkino.uz, телефон: 71 277 81 02, 71-277-81-44.
  • Кабыл алуу мөөнөтү, 2024-жылдын 16-декабрында башталып, 2025-жылдын 30-январында саат 17:00дө токтойт.

Leave a Comment

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген