1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 10-февралындагы №64 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобо мамлекеттик тилди даңазалаган социалдык видеороликтерди тандоо тартибин аныктайт.
3. Долбоордун башкы максаты – мамлекеттик тилди пайдалануу, өнүктүрүү даңазалоо жана мамлекеттик тил аркылуу Кыргыз Республикасынын бардык этносторун бириктирүү жана байланыштарын бекемдөө.
4. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу кинематография департаментинин
Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы, мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Киностудия) Кыргызстандын аймагындагы бардык жеке продакшн-студиялар арасында, (18 жаштан жогору) үчүн мамлекеттик тилди даңазалаган, узактыгы/хронометражы 1-3 мүнөттөн турган социалдык видеороликтердин сынагын өткөрүү үчүн атайын сынак жарыялайт.
5. Сынакты Киностудия уюштурат.
- Сынак ушул Жободо аныкталган максаттарга ылайык өткөрүлөт.
- Сынак 2 этапта өткөрүлөт:
- Сынакка келип түшкөн видеороликтерди алдын ала тандоо боюнча “Эксперттик тандоо комиссиясы”;
- Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү аныктоочу, “Конкурстук комиссия” (мындан ары – Конкурстук комиссия) түзүлөт.
- Конкурстук комиссиянын курамы, социалдык роликтерди тартуу боюнча көз карандысыз 7 адистерден, тилчилерден, эксперттерден түзүлүп, Киностудиянын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Комиссиянын отуруму видеого түшүрүлөт, чечими протокол менен таризделет.
- Сынакка катышуу үчүн табыштамалар Бишкек шаары Д.Асанова 1 дарегинде жайгашкан “Кыргызфильм” киностудиясына 10-пункта көрсөтүлгөн бардык техникалык талаптарга ылайык, флеш-карта менен, Киностудиянын редакциясына тапшырылат.
- Табыштамаларды (даяр видеороликтер менен кошо) берүү мөөнөтү Киностудиянын интернет – сайтында, фейсбук, инстаграмм баракчаларына сынак жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 45 күн (тартууга 30 күн, ал эми жайылтуу иштерине 15 күн).
- Социалдык видеороликтерди жайылтуу иштери Киностудиянын алдында түзүлгөн көз карандысыз Эксперттик тандоо комиссиясынын текшерүүсүнөн кийин жүргүзүлөт.
- Жайылтуу үчүн Киностудия катышуучулардын видеороликтерин төмөндөгү социалдык тармактарга жайгаштырып, авторлорун белгилейт:
Кинематография департаментинин (https://goskino.kg,
https://www.facebook.com/departementkino, https://www.instagram.com › department_of_cinematog);
-“Т.Океев атындагы “Кыргызфильм улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинин (http://www.kyrgyzfilm.asia ) сайтында kyrgyzfilm.kg – инстаграмм жана фейсбук баракчаларына жана Киностудиянын ютуб каналына;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын (https://mamtil.gov.kg/ky?fbclid=IwZXh0bgNhZW0CMTEAAR0BZpGaE8DptScsUsV4JrwYlsFfNw4dcKVGkoGIN7px6rA0nr1wVU0p7fY_aem_pclHutFHZYJzF25X6lZ91A&sfnsn=wa, https://www.facebook.com/mamtil.gov.kg?mibextid=ZbWKwL, https://www.instagram.com/mamtil.gov.kg?igsh=MXZ1b2s5Mmg2ZzI0OQ==, https://youtube.com/@user iq4zh9uw4d?si=fkgSHNhRmb3MD4Dq баракчаларына жүктөлөт.
6. Тартылган продукцияларды тандоо төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт:
- жарыяланган тематикага жана негизги багыттарга социалдык видеороликтин мазмунунун дал келиши;
- Кыргыз Республикасында жашаган этностордун тилин жана улуттук баалуулуктарын басмырлабоо жана кемсинтпөө;
- мамлекеттик тилде сүйлөөгө жана аны сүйүүгө багыттоо.
7. Даяр социалдык видеороликтерди Киностудиянын алдында түзүлгөн көз карандысыз Эксперттик тандоо комиссия кабыл алат жана сынактын шарттарына ылайык алдын ала тандоодон өткөрөт. Эксперттик кароодон өткөн социалдык видеороликтердин жайылтылышына уруксат берилет.
8. Социалдык видеороликтерге техникалык талаптар:
- Роликтин узактыгы(хронометражы): 1-3мүнөт;
- Аталышы: _________________;
- Продакш студиянын аталышы: __________________
- Форматы: 4К;
- Түсү: түстүү (цветной)
- Үнү: стерео
- Тили: кыргызча.
- Роликти жайылтууда социалдык тармактардын, каналдардын, платформалардын аталышы/ссылкасы менен
- Аудиовизуалдык лицензиялардын жана автордук укуктардын шарттарын сактоо;
- Аудиовизуалдык роликтерди жайылтуу ыкмалары боюнча чектөөлөр коюлбайт.
9. Кызыктыруучу сыйлык түрүндө тигил же бул социалдык видеороликти кинодолбоорго айлантуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн максатка ылайыктуулугу протоколдо белгиленет.
12. Комиссиянын сунуш берүүчү мүнөздөгү жыйынтыктоочу протоколуна ылайык Киностудия жеңүүчүлөрдүн тизмесин түзөт.
13. Сынактын жалпы байге фонду 1,5 млн. сом. Жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат: 1-орун – диплом жана 500 (беш жүз) миң сом; 2-орун – диплом жана 300 (үч жүз) миң сом; 3-орун – диплом жана 200 (эки жүз) миң сом.
Ал эми көрүүчүлөрдүн купулуна толгон эмгектердин авторлоруна (социалдык баракчаларда, каналдарда жайылтууда эң көп “Лайк” “Бөлүшүүлөр” “Пикир калтыруу”) жалпы 500 миң сомду түзгөн кызыктыруучу сыйлык фонду каралган. Кызыктыруучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүнүн саны Конкурстук комиссиянын чечими менен аныкталат.
14. Кызыктыруучу сыйлык социалдык тармактардагы (https://www.yotube.com, https://www.facebook.com, https://www.instragram.com ж.б.) көрүүлөрдүн саны (количесто просмотров), жактыруулардын саны (Like), пикир жана бөлүшүүлөрү көбүрөөк болгон социалдык видеороликке берилет.
15. Сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымат Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын сайты жана социалдык баракчаларына жайгаштырылат.
16. Жеңүүчү деп аныкталгандар, (социалдык видеороликтерге ээлик кылган тарап) Киностудия менен келишим түзүлөт жана тартылган видео-роликтин бардык материалдарын баланска, киновидеоархивге сактоо үчүн, (о.э жайылтуу үчун автордук укугу менен бирге) хард-дискке өткөрүп берүүгө милдетүү.