Мамлекеттик тилди даңазалаган, нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, улуттук баалуулуктар тематикасында тартылган видеороликтер сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Сынактын жеңүүчүлөү

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында  22-октябрда мамлекеттик тилди даңазалаган, нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, улуттук баалуулуктар тематикасында тартылган видеороликтер сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Сынактын жеңүүчүлөрү болуп, төмөндөгү видеороликтер тандалды.

1-орун – “Маңкурт” видеоролиги.

2-орун – “Тилдер кафеси” видеоролиги.

3-орун –  “Самат менен Адилет” жана “Келечек” видеороликтери.

Кызыктыруучу сыйлыктар: “Конок”, Эне тилдин эртеңи”,“Аян” жана “Саламатсыңбы, эне тил” видеороликтерине ыйгарылды.

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган мамлекеттик тилди даңазалаган, нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, улуттук баалуулуктар тематикасында тартылган видеороликтер сынагына 28 видеоролик катышып, киностудиянын алдында түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен жыйынтыктар чыгарылды. Комиссия, жыйынтык чыгарууда сынактын жобосундагы шарттардын аткарылышы жана социалдык баракчалардагы жайылышы боюнча маалыматтарды эске алганын белгилейбиз.