Биздин тарых

      1941-жылы Фрунзе шаарында кинохроника студиясын уюштуруу боюнча Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Совети тарабынан токтом кабыл алынып, ошол эле жылдын 17-ноябрында Фрунзе кинохроникалык студиясы негизделген.
       Мына ошондон бери, 17-ноябрь кыргыз киносунун туулган күнү катары эсептеленип келет.

       1951-жылы Фрунзе кинохроникалык студиясы  “Кинохроника жана даректүү тасмаларды тартуу киностудиясы” болуп өзгөртүлгөн.

      Ал эми 1956-жылы “Көркөм жана кинохроникалык – даректүү тасмаларды тартуучу киностудиясына” айланган.

      1961-жылы “Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Кинематография боюнча мамлекеттик комитеттин «Кыргызфильм» киностудиясы” болуп уюшулат. 

      Кыргыз Республикасынын эгемендүү, көз карандысыз мамлекетинин түзүлүшү менен «Кыргызфильм» киностудиясы – «Кыргызкино КР» мамлекеттик концернинин «Кыргызфильм» киностудиясы болуп өзгөртүлгөн (КР 10.10.1992-ж. N 211).

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-ноябрындагы No766 токтому менен «Кыргызфильм» киностудиясына Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган.

      Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-апрелиндеги №134 Жарлыгы менен “улуттук” статусу берилип, учурда “Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” деп аталат.

       Окуялар 

      1953-жылы киностудияда  –  «Достуктун чокусу» аттуу биринчи түстүү даректүү фильм тартылган. 

       1956-жылдын аягында Фрунзе кинохроникалык даректүү фильмдердин киностудиясы кайра уюштурулган. 

       Көркөм живописьтерди чыгаруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык база түзүлгөн. 

       1955-жылы «Мосфильм» киностудиясы менен биргеликте биринчи кыргыз түстүү көркөм тасма «Салтанат» тартылган (реж. Василий Пронин).  1960-1970-жылдары Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары боюнча,  режиссер Лариса Шепитьконун («Аптап») жана Андрей Кончаловскийдин («Биринчи мугалим») тасмалары «Кыргызфильмде» тартылган.

       Бул режиссерлор Айтматовдун чыгармаларын тасмага айлантуу менен режиссёрдук карьераларын башташкан. Кийин студияда Болотбек Шамшиев («Караш ашуусундагы атылган ок», «Ак кеме», «Фудзиамдагы кадыр түн») жана Төлөмүш Океев («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») иштешет.  1972-жылы Болот Шамшиев “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” фильмин тарткан. Альгимантас Видугирис «Жалаң эркектер», «Мен кырсыкка жол бербейм» сыяктуу көркөм фильмдерди жана башка документалдуу фильмдерди тарткан.   

     Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы 1941-жылдан азыркы мезгилге чейин 154 толук метраждуу көркөм фильм, 45 анимациялык фильм, 1025 даректүү тасма тартты.  Учурда «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында жылына 1-3 толукметраждуу көркөм фильм, 2-3 кыскаметраждуу көркөм фильм, 1-8 (серия) анимациялык, 20-25 кыскаметраждуу даректүү тасма тартылат.

Тарых - сандар менен

Тарых – сандар менен

1916-ж. Кинематографиянын тарыхында биринчи жолу кыргыз элине байланыштуу алгачкы маалымат.

1920-ж. Кыргызстандын территориясындагы алгачкы кино тартуулар. Режиссёр А.Терскийдин этнографиялык сюжеттери.

1923-ж. Бийик тоолуу жердеги алгачкы документалдуу сюжеттер. Профессор Н. Корженевскийдин экспедициясы.

1925-ж. Режиссёр В. Полевойдун «Кара өлүм» фильми тартылат.

1926-ж. Кыргызстандагы алгачкы кино өндүрүү боюнча ири долбоор. Долбоордун автору – М.Рышков.

1927-ж.Кыргызстандын территориясында тартылган алгачкы толук метраждуу көркөм фильм – «Жабык фургон», режиссёру О. Фрелих. Экранга биринчи жолу кыргыз актрисасы А.Түмөнбаева чыккан.

1928-ж. Режиссёр В. Шнейдеровдун алгачкы илимий-экспедициялык «Өлүм алдында» фильми.

1936-ж. Режиссёр Г. Сатаровдун «Кыргызстан» алгачкы документалдуу тасмасы.

1937-ж. Режиссёр Ю. Васильчиковдун «Ай-Гуль» аттуу алгачкы балдар темасына арналган фильми.

1937-ж. Фрунзеде «Союзкинохрониканын» Ташкент бөлүмүнүн корреспонденттик пунктунун ачылышы.

1940-ж. «Советская Киргизия» киножурналынын иши башталат.

1941-ж. Алгачкы жолу фильмдерди кыргыз тилине дубляждоо – «Чапаев», «Ленин в Октябре», «Тринадцать» тасмалары.

1941-ж. Фрунзе кинохроника студиясынын ачылышы.

1945-ж. «Манас» эпосу боюнча тартылган алгачкы толук метраждуу көркөм фильм – «Семетей, сын Манаса», режиссёру Г.Раппапорт. Аягына чыккан эмес.

1946-ж. М.Слуцкийдин биринчи толукметраждуу даректүү «Песнь о Киргизии» тасмасы тартылат.

1953-ж. Биринчи түстүү даректүү тасмасы «Пик Дружбы» тартылат. Режиссёру И. Гутман.

1955-г. М.Культэнин биринчи илимий-популярдуу «Опыт выращивания сахарной свеклы» тасмасы тартылат.

1955-ж. Өндүрүшү толугу менен киностудиянын базасында ишке ашкан биринчи толукметраждуу  «Салтанат» тасмасы тартылат. Режиссёру В.Пронин.

1961-ж. «Фрунзе кинохроника» студиясы «Кыргызфильм» киностудиясы болуп өзгөртүлөт.

1964-ж. Биринчи кыргыз режиссеру М.Убукеевдин «Тайгак кечүү» көркөм тасмасы тартылат.

2002-ж. «Кыргызфильм» киностудиясына белгилүү режиссер Төлөмүш Океевтин ысымы ыйгарылат.

Дареги

Динара Асанова көчөсү 1, Бишкек, Кыргыз Республикасы

Байланыш

Телефон: +996 312 344569
Факс: +996 312 344631

Email