Төлөмүш Океев1935-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу чакан айылда (азыркы Тоң районундагы Бөкөнбаев кыштагынын аймагында) туулган.
1958-жылы Ленинграддагы кино жана көркөм өнөр институтунун (ЛИКИ) электр техникасы факультетинде үн оператор бөлүмүн аяктаган.
Кыргызфильм киностудиясында үн оператор болуп эмгек жолун баштаган.
1966-жылы жогорку режиссердук курсту аяктаган.
“Жылкылар” аттуу даректүү тасмасы режиссёрдун биринчи тасмасы.
Анын “Бакайдын жайыты” тасмасы дүйнөлүк белгилүү киножурналдар 100 мыкты кинонун катарына киргизишкен. Дээрлик бардык тасмаларында кыргыз руху даңкталып, кыргыз жыттанып турган. Анын тасмаларында жөнөкөйлүк жана реалдуулук басымдуулук кылат.
Бир катар көркөм тасмалары үчүн аны ХХ кылымдагы кыргыз кино өнөрүнүн туу чокусун түзгөн чыгаан кинорежиссерлордун төл башы катары баалашкан.
1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.
1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган.
1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп, кийинчерээк Түрксойдо кыргыз өкүлү болуп иштеген.
Сыйлыктары
1967 ж. Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгынын ээси
1968 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Специальный приз за дебют» сыйлыгын жеңүүчүсү.
1972 ж. Кыргызстан Мамлекеттик сыйлыгынын ээси.
1974 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Первые премии за художественные фильмы» сыйлыгынын жеңүүчүсү.
1975 ж. СССРдин эл артисти.
1978 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Приз за режиссуру» сыйлыгынын жеңүүчүсү.
1979 ж. Польша мамлекетинин маданиятынын эмгек сиңирген ишмери.
1981 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Премии кинофестиваля» сыйлыгынын жеңүүчүсү.
1985 ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Главные премии» сыйлыгын жеңүүчүсү.
1985 ж. Берлин кинофестивалынын «Приз за художественный вклад» жана «Серебряный медведь» сыйлыктарынын жеңүүчүсү.
1985 ж. СССРдин Эл артисти.
1997 ж. Казакстан мамлекетинин маданиятынын эмгек сиңирген ишмери.
Тандалган фильмографиясы
1986 Махабат дастаны
1984 Кожожаш
1980 Алтын күз
1977 Улан
1975 Кызыл алма
1973 Көк серек
1971 Уркуя
1966 Бакайдын жайыты
Китептери:
«Крылатое искусство» (1967, Фрунзе: «Кыргызстан»).
Таланттуу кинорежиссер, манастаануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл артисти – Убукеев Мелис Айткулиевич 1935 жылы 17 апрелде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн, 1996 жылы 27 июлда дүйнө салган.
М. Убукеевдин “Тайгак кечүү”тасмасы, кыргыз кинорежисеру тарткан, туңгуч толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет.
М. Убукеев “Манас” эпосуна терең кызыгып толук кандуу көркөм тасмага бел байлагандыгы менен белгилүү. Бир нече жылдар бою Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы менен кызматташып улуу эпос боюнча материал чогулткан. Бирок көркөм тасманы тартууга жетишпей дүйнө салган. “Манас” дүйнөсүнүн ачкычы катары манасчылардын чыгармачылыгына кайрылып 1962-ж. үч бөлүктөн турган “Саякбай Каралаев” аттуу атайын тасмасында, ошондой эле 1988-ж. жарык көргөн “Улуу манасчы(жеткиликсиз шилтеме)” аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан.
Мелис Убукеев Таттыбүбүнү алгач байкап, атайын айылына барып, аны актердук билим алып, чыгармачылык жолуна түшүүгө ынандырган.[1] Кийин Т. Турсунбаева “Ак-Мөөр” тасмасында Ак-Мөөрдүн ролун ойногон.
Эмгек жолу
1961 ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факултетин бүтүргөн.
1965 ж. ВГИКти (Бүткүл Союздук Кино Институту) Сергей Герасимовдун өнөрканасын бүтүргөн.
1972 ж. “Казахтелефильм” киностудиясынын режиссеру.
1974 ж. “Кыргызтелефильм” киностудиясынын режиссеру.
Тасмалары
Тайгак кечүү кинотасмасы
1964 ж. “Тайгак кечүү” Кыргызфильм.(“Белые горы” башкача аты “Трудная переправа”) – 1964 ж. М. Убукеевдин дипломдук иши. Аталган тасма М. Элебаевдин “Узак жол” чыгармасынын негизинде тартылган, кыргыздардын 1916 жылкы кайгылуу тагдырын чагылдырган. Тасма 1965 ж. Алматыда өткөн бүткүл союздук Орто-Азия жана Казахстан өлкөлөрүнүн кинофестивалында 1 даражадагы Диплом менен сыйланган. Бул тасмада аялдын оюнун жараткан Бакен Кыдыкеева, эң мыкты аялдын оюну үчүн баш байгесин утуп алган.
1969 ж. “Ак-Мөөр”. Кыргызтелефильм. 1970 ж. Башкы оюнду жараткан – Т.Турсунбаева. Ленинградда өткөн бүткүл союздук кинофестивалдын Байгеси менен сыйланган.
1977-1978 жж. “Көрөгөч” сатирикалык тележурналынын 7-сериясын чыгарган.
1981-ж. “Элеттик роман” (Провинциальный роман)
“Акын” (Алыкул Осмонов жөнүндө)
“Жили-были”
Улуу Манасчы даректүү тасмасынан
1988-ж. “Улуу манасчы”
“Түбөлүккө кайрылуу”
1989 ж. “Акыркы манасчы” («Последний манасчи», 1989)
1995 “Вселенная Манаса”
Китептери
“Манас”-эпическая культура кыргызов : Опыт худож.-научного, культуролог.осмысления эпоса. – Б. Мурас. 1998. – 132 стр ISBN 9967-420-01-4
Ал тууралуу
Эскерүү иретинде тартылган даректүү тасмалар (авторлору Леонид Дядюченко жана Саида Садыкова):
“По следам Барс–бега”
“Глазами Мелиса”
“О, великая степь”
Болот (Болотбек) Шамшиев Төлөн уулу 1941-жылдын 12-январында, Кыргыз ССРинин
Фрунзе шаарында туулуп, 2019 – жылдын
21-декабрында көз жумган.
Ал СССРдин эл артисти (1991) жана советтик, кыргызстандык
актёр, кинорежиссёр, сценарист катары таанымал.
“Караш-караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн
кызгалдактары”, “Асма көпүрө”, “Ак кеме”, “Бөрү
зындан” жана башка тасмаларды тарткан.
1991-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.
Анын атасы Шамшиев Төлөн – совет доорунда кыргыздын таанымал
акыны болгон.
1965-жылы “Манасчы” даректүү фильмин, 1969-жылы
“Караш-Караш окуясы” көркөм тасмасын, 1972-жылы “Ысык-Көлдүн
кызгалдактары” тасмасын тарткан. 1975-жылы чыккан “Ак кеме”
фильми СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Бул чыгарма атактуу жазуучу Чыңгыз
Айтматовдун повестинин негизинде тартылган.
1980-жылы “Эрте келген турналар” жана 1984-жылы
“Бөрү зындан” көркөм тасмасы тартылган. Кинорежиссер Төлөмүш Океев
менен Болот Шамшиевди ХХ кылымдын акыркы үчилтигиндеги кыргыз киносунун
кереметин түзүүчүлөр катары жогору баалашат. Алардын улантуучуларынын арасында
замандашы Дооронбек Садырбаев да болгон.
Эгемен Кыргызстанда (1990-1994) Жогорку Кеңештин депутаты
болгон.
1998-1999-жылдарда Мамлекеттик туризм жана спорт
агенттигинин директору кызматын аркалаган.
2002-жылга чейин Кыргызстандын Бириккен араб эмиратындагы
башкы консулу болуп иштеген.
Сыйлыктары:
2-даражадагы «Манас» ордени
3- даражадагы «Манас» ордени
«Ардак Белгиси» ордени
“Улуттар достугу” ордени
СССРдин эл артисти — 1991
СССРдин мамлекеттик сыйлыгы — 1977
Фильмографиясы:
-“Манасчы”, “Чабан”,
-“Караш ашуусундагы атышуу”,
-“Ысык-Көлдүн кызгалдактары”,
-“Сүйүү жаңырыгы”,
-“Ак кеме”,
-“Адамдардын арасында”,
-“Эрте жаздагы каркыралар”,
-“Бөрү зындан”,
-“Снайперлер”,
-“Фудзиямадагы кадыр түн”
Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), искусствого эмгек сиңирген ишмер (1974). 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссердун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу “Намаз окуу” жана “Тыныгуу” аттуу киноновелла тарткан. 1967-жылы “Саманчы жолу” (сценарийин жазгандар; Ч. Айтматов, Б. Добродеев, И. Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. “Буктурма” (1966; X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова), “Көчө” (1973; М. Гапаров), “Биринчи” (1984; Г. Базаров, Л. Дядюченко), “Көз кареги” (1975; Л. Дядюченко) кинотасмаларды, “Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай” (1986), “Айың” (1989), “Аномалия” (1991) көркөм фильмдерди жана “Антракт” (1994), “Түндө” (1995) кыска метраждуу новеллапарды, документ фильмдерден “Искусство жөнүндө баян” (1974). “Жазуучу” (1980), “Чыңгыз Айтматов” (1980) жана башка тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. “Прикосновение к личности” (1986), “Пауза для размышления” (1985), “Гримаса” деген повесттери чыккан, Акыркы жылдарда Кыргыз телерадио компаниясында иштеп, автордук “Альтернатива” программасын алып барган. “Ардак Белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.
Дареги
Динара Асанова көчөсү 1, Бишкек, Кыргыз Республикасы
Байланыш
Телефон: +996 312 344569
Факс: +996 312 344631