Биз жөнүндө

«Кыргызфильм» – учурда активдүү кино өндүрүшүн жүргүзгөн, жаңы технологиялар менен жабдылган, профессионалдуу адистер иш алып барган, кино тартууда толук циклдик ишти аткарган заманбап киностудия.

«Кыргызфильм» киностудиясы бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү техникалык жактан толук жабдылган эң ири өндүрүштүк базасы бар бирден-бир киностудия болуп саналат жана кино жаратууда — адабий сценарийди жазуудан тартып, кинонун финалдык даяр нускаларын басып чыгарууга зарыл болгон нерселердин бардыгына ээ.

Учурда павильон, кино тартуу жабдыктары, актёрлордун картотекасы жана уникалдуу маалыматтык материалдардын архивдери, пиротехника, курал-жарактар, грим жана постиж, костюмдардын коллекциялары, пост-продакшнда заманбап үн жаздыруучу студия жана монтаждоо бөлмөлөрү активдүү иштеп, кайра жаздыруу жана тасманы санарипке өткөрүү иштери аткарылууда.  

Биздин киностудия кино жана видеопродукцияларды чыгарат, ошондой эле кино өндүрүшүнүн бүткүл циклинде кызмат көрсөтөт. Дүйнөлүк кино рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү аудиовизуалдык продукциянын бардык түрлөрүн жаратууга мүмкүндүк берген бирдиктүү уникалдуу жана күчтүү структураны түзгөн бир тутум.

«Кыргызфильм» киностудиясында Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да абройлуу кинофестивалдарга катышкан ата мекендик тасмалар тартылат.

Кыргыз режиссерлору киностудиянын базасында тарткан тасмалар дүйнөнүн булуң-бурчундагы кинофестивалдардан жеңишке жетишип, сыйлыктарга татып, белгилүү киносынчылардын сынынан өтүп, татыктуу баа алып жаткандыгы – «Кыргызфильм» дүйнөлүк конкуренцияга туруштук бере ала турган, эл аралык  кинодүйнөсүндө өз орду бар, тарыхы терең, профессионалдык жогорку деңгээлдеги заманбап киностудия экендигин тастыктап турат.

Азыркы күндө киностудияда жылына ондогон даректүү тасмалар, толукметраждуу көркөм фильмдер, дебюттук кыскаметраждуу фильмдер жана анимациялык тасмалар тартылат.

0

жылдык тарых

0
+

даректүү тасма

0
+

толук метраждуу көркөм фильм

0
+

мультфильм



Төлөмүш Океев
(1935 – 2001) – кыргыздын чыгаан кинорежиссеру

Төлөмүш Океев1935-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу, азыркы Тоң районундагы Бөкөнбаев кыштагында туулган.

1958-жылы Ленинграддагы кино жана көркөм өнөр институтунун (ЛИКИ) электр техникасы факультетинде үн оператор бөлүмүн аяктаган.

“Кыргызфильм” киностудиясында үн оператор болуп эмгек жолун баштаган.

1966-жылы жогорку режиссердук курсту аяктаган.

“Жылкылар” аттуу даректүү тасма – режиссёрдун дебюттук тасмасы.

Анын “Бакайдын жайыты” тасмасын дүйнөлүк белгилүү киножурналдар 100 мыкты кинонун катарына киргизишкен. Дээрлик бардык тасмаларында кыргыз руху даңкталып, кыргыз жыты жыттанып турат. Анын тасмаларында жөнөкөйлүк жана реалдуулук басымдуулук кылат.

Бир катар көркөм тасмалары үчүн аны ХХ кылымдагы кыргыз кино өнөрүнүн туу чокусун түзгөн чыгаан кинорежиссерлордун төл башы катары баалашкан.

1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.

1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган.

1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп, кийинчерээк Түрксойдо кыргыз өкүлү болуп иштеген.

Сыйлыктары

1967-ж. Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгынын ээси

1968-ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Специальный приз за дебют» сыйлыгын жеңүүчүсү.

1972-ж. Кыргызстан Мамлекеттик сыйлыгынын ээси.

1974-ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Первые премии за художественные фильмы» сыйлыгынын жеңүүчүсү.

1975-ж.  СССРдин эл артисти.

1978-ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Приз за режиссуру» сыйлыгынын жеңүүчүсү.

1979-ж.  Польша мамлекетинин маданиятынын эмгек сиңирген ишмери.

1981-ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Премии кинофестиваля» сыйлыгынын жеңүүчүсү.

1985-ж. Бүткүл союздук кинофестивалдын «Главные премии» сыйлыгын жеңүүчүсү.

1985-ж.  Берлин кинофестивалынын «Приз за художественный вклад»  жана «Серебряный медведь» сыйлыктарынын жеңүүчүсү.

1985-ж. СССРдин Эл артисти.

1997-ж. Казакстан  мамлекетинин маданиятынын эмгек сиңирген ишмери.

Тандалган фильмографиясы

1986.  “Махабат дастаны”

1984. “Кожожаш”

1980. “Алтын күз”

1977. “Улан”

1975. “Кызыл алма”

1973. “Көк серек”

1971. “Уркуя”

1966. “Бакайдын жайыты”

Китептери:

«Крылатое искусство» (1967, Фрунзе: «Кыргызстан»).

Биздин өнөктөштөр












Биз жөнүндө

Кыргызфильм киностудиясы жөнүндө
эмне дешет












Мен Кыргызфильмдин босогосун 1960-жылы 18 жашымда аттагам. Киностудия мага кесип берди, досторду куттум. Кыйынчылыктарды, жеништерди бирге котордук. Чыгармачылыкка жол ачып берди. Кесиптештерим менен агардым, когордум. Азыр жаш талантту жаштар келип жатышат. Иштеринде ийгилик болсун! Кыргызфильм онуго берсин!

Манас Мусаев
кинооператор












Бүткүл Советтер Союзуна атагы чыккан «Кыргызфильм» киностудиясы бир кезде материалдык-техникалык жактан абдан өксүгөн. Бирок ошондо деле жогорку деңгээлдеги көркөм фильмдер тартылып, абройлуу кинофестивалдарда көптөгөн эл аралык сыйлыктарды алышкан. Менин оюмча, бул ийгиликке азыр эски студиянын аймагында, «Айтыш фильм» имаратынын артында жайгашкан атактуу «кайың аллеясы» да чоң салым кошту окшойт. Анткени, ошол, бир нече кайыңдын жана үч кичинекей, жөнөкөй отургучтан турган чакан аллея кыргыз кино ишмерлери үчүн кандайдыр бир «көркөм кеңеш», студиянын аналитикалык борбору сыяктуу эле. Ошол жерде чогулуп алып бүтө элек тасмаларды талкуулап, дүйнөлүк кино жана адабият тармагындагы ой-пикирлерин, жаңылыктары менен бөлүшөр элек. Аргументтер жогорку деңгээлге жетип, мен жана башка көптөгөн жаш кинорежиссерлор үчүн бул жер ВГИКке киргенге чейинки чоң кино мектеп болуп калды. Менимче, бул “кайың аллеясы” кандайдыр бир деңгээлде кыргыз киносунун “жашоосун” улантып, анын оригиналдуу жана кызыктуу бойдон калышына, дүйнөлүк кинематографиянын процессинде өз ордун сактап калууга салым кошкон.

Артыкпай Сүйүндуков
КИНОРЕЖИССЕР












“Кыргызфильм” – мага кинематографиянын табиятын түшүндүргөн ыйык мекен. Алгач режиссёрдун жардамчысы, сценарист, режиссер болуп иштеп жүрүп, чыгармачылыктын маңызын үйрөндүм. Ошентип, киностудия мен үчүн Кино академияга айланды. Ал эми “Кыргыз кереметинин” корифейлери Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаровдор жол көрсөтүүчү жылдыз болушту. “Кыргызфильмде” “Бежала собака” даректүү тасмам менен дебютум болду. Ал эми эгемен Кыргызстандын кинематографиясы үчүн оор жылдарда Франция өлкөсү менен биргеликте киностудияда атактуу «Бешкемпир» аттуу тасмамды тартып, кыргыз киносунун даңктуу салтанатын арттырып, салтты уладым. Жакында эле ушул киностудияда тарткан “Эсимде” тасмамдын каарманына окшоп, кайда жүрсөм да, эмнени ойлонсом да “Кыргызфильмге” кайтып келе берем. Бул жер – менин ойлорумдун тунган жайы, киномдун очогу.

Актан Арым Кубат
КИНОРЕЖИССЕР












“Кыргызфильм” – аты айтып тургандай эле, кыргыздын жүзүн дүйнөгө таанытуу кызматын биринчилерден болуп аркалап келген жана аркалоочу бирден-бир чыгармачыл ишкана.

Садык Шер-Нияз
КИНОРЕЖИССЕР

Дареги

Динара Асанова көчөсү 1, Бишкек, Кыргыз Республикасы

Байланыш

Телефон: +996 312 344569
Факс: +996 312 344631

Email

kyrgyzfılm.gov@gmaıl.com


Facebook


Youtube


Instagram